Түркмөнстандагы АКШнын элчилиги өлкө бийлиги коронавирус жуктуруп алган адамдар тууралуу маалыматты жашырышы мүмкүн экендигин айтып чыкты. Бул тууралуу элчиликтин сайтында жарыяланды.
"Азыркы тапта Түркмөнстандын бийлиги расмий түрдө өлкөдө коронавирус катталганы тууралуу маалыматтарды айта элек, катталган күндө деле айтары күмөн", - деп жазылат маалыматта.
Түркмөнстанда аба каттамдары токтоп, чек аралар жабылган. Карантин эрежелерин сактоо боюнча катуу чаралар көрүлгөн. Аталган өлкөдө карантин 20-майга чейин деп белгиленген.