Веналык татуировка мастери Китти Инк дене мүчөсүн искусство чеберчилигине айлантуу үчүн 60 миң евро коротту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
46 жаштагы Китти жаш кезинен экстремалдуулукка жакын болуп, элден өзгөчө болгонго кызыкчу. Кыялына жетүү үчүн 10 жылдай акча чогултуп, анан акырындап ишке киришкен. Ал ботокс, липосакция (ашыкча майларын алдыруу), көкүрөгүнө Батыш Европада болгон эң чоң көлөмдөгү силиконду салдырган. Андан сырткары Китти 100 сааттан көп убактысын коротуп, денесине көп татуировка тарттырткан.
Каарман анын жаңы образы эркектерди чочутушу мүмкүндүгүн моюнуна алат. Бирок ал нерсеге көңүл бөлбөйт, анткени ал үй-бүлөм бар дейт. "Мени көргөндө ар кандай адамдар түрдүү реакция кылышат. Айрымдар туура кабыл алат, айрымдары тескерисинче. Бирок алардын оюна мен баш оорутпайм. Жакпаса карабасын. Бирок баары мени карай беришет", - деген Китти.