Италиянын "Рома" футболдук клубунун оюнчулары сезондун аягына чейин айлык алуудан баш тартышты

Италиянын "Рома" футболдук клубунун оюнчулары жана машыктыруучулары коронавирус пандемиясынан улам сезондун аягына чейин айлык маяналарынан баш тартышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Команданын капитаны Эдин Джеко, оюнчулар, ошондой эле башкы машыктыруучу Паулу Фонсека клубдун баалуулуктары менен бөлүшө тургандыгын көрсөттү. "Рома" кызматкерлерине жасаган кеңири ишараты үчүн аларга ыраазычылык билдиребиз," - деген клубдун директору Гвидо Фиенга.

Дүйнөдө коронавирус инфекциясы кеңири жайылгандыгына байланыштуу көпчүлүк футбол лигалары токтотулган. Оюндардын токтошу менен футболдук клубдар каржылык чыгымга учурап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан