"Барселона" футболдук клубу коронавируска каршы күрөшүү үчүн стадионунун атын сатат

Испаниянын "Барселона" футболдук клубу атактуу "Камп Ноу" стадионунун аталышына болгон укукту коронавируска каршы күрөшүү үчүн сатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Барселона" командасы тарыхта биринчи жолу стадиондун атына болгон укукту сатат. Клуб өз үй оюндарын өткөрүп жаткан стадиондун аталышын сатуудан түшкөн каражатты вируска каршы күрөшүү үчүн жумшоого пландаштырууда. Сатып алам деген демөөрчүлөр менен бир жылдык келишимге кол коюлат.

Белгилей кетсек, "Камп Ноу" стадиону 1957-жылы курулган. Стадионго 99 миң 354 адам батат. Бул стадиондо Европа жана Дүйнө чемпиондугунун оюндары, көптөгөн мыкты оюндар жана беделдүү болгон Чемпиондор Лигасынын финалы өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ularbek0691
2020-04-22 11:40:49
Мессини кошуп сатсанар
-2
Nur777
2020-04-22 19:13:50
Зачем.....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан