"Насыялар боюнча сарсанаа болуунун кажети жок" дейт Улуттук банктын өкүлү

Насыялар боюнча сарсанаа болуунун кажети жок экенин бүгүн, 23-апрелде болгон онлайн жыйын учурунда Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы филиалынын жетекчиси Кусеин Акимбеков айтты.

Ал насыялар боюнча кайрылуулар көп болуп жатканын билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

"Бул кырдаалга байланыштуу алгач алган насыялар боюнча маселе жаралбашы үчүн Улуттук банктын 18-мартындагы токтомуна ылайык, мөөнөтүндө төгүлбөй калган насыялар пайыздык суммаларына айыптык төлөм же кандайдыр бир кошумча төлөм туумдар кармалбайт. Ошондой эле насыялык келишимдерди кайра карап чыгууда да комиссиялык жана башка төлөмдөр алынбайт. Мындан тышкары насыялардын мөөнөтүн үч айга узартып берүү жагы дагы сунушталган. Эгерде ушундай эле зарыл болсо үйдөн чыкпай туруп WhatsApp, интернет банкинг аркылуу банк кызматкерлери менен байланышып, маселеңиздерди чечсеңиздер болот", - деди өкүл.

Ал акча каражаттары толук жетиштүү экенин, эч кандай кооптонуунун кажети жок экенин да белгилеп өттү.

"Бүгүнкү күндө нак акча каражаттары толук жетиштүү жана эч кандай кооптонуунун кажети жок. Бардык орнотулган банкоматтар толук нак акча менен өз убагында толтурулуп жатат. Алардын үзгүлтүксүз иштөөсү көзөмөлгө алынган. Пенсия, жөлөк пул боюнча почта кызматкерлери тарабынан ар бир пенсионерлердин дарегине акчалары жеткирилип жатат.

Пенсия, жөлөк пул акчаларын карточка менен алган кардарларга айтып кетким келет. Ал боюнча Элкарт карточкасы менен кайсы банкта ачылганына карабастан банктардан, ПОС-терминалдардан акча алган кезде эч кандай комиссия кармалбайт", - деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mela
2020-04-23 13:57:18
% толотуп эле атышат го банктар.
+3
tular
2020-04-23 15:24:58
Ооба комиссия алынып эле жататго?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан