Карантинде "Бакай Банктын" карталары менен төлөм жүргүзүү коопсуз

«Бакай Банктын» төлөм карталары акча каражаттарынын коопсуздугу боюнча тынчсыздануудан арылтып, интернетте сатып алууларды жүргүзүүгө, мобилдик тиркеме аркылуу коммуналдык кызматтарды, кредиттерди төлөө мүмкүнчүлүктөрүн берет. Ошондой эле Кыргызстан ичинде жана чет мамлекеттерге үйдөн чыкпастан акча которууга болот.

«Бакай Банкта» бардык учурлар үчүн кеңири түрдөгү карттардын түрлөрү бар. Алардын ар бири өзгөчөлүктөргө ээ болуп, төлөм жүргүзүүдө бир катар мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул жолу биз VISA менен ЭЛКАРТ карттарынын айырмасы, «Бакай Банктын» Visa Классик, Visa Голд жана Visa Инфинити карттары кайсы учурда колдонуларын, ошондой эле пенсиялык карт менен социалдык карттардын өзгөчөлүктөрү туурасында айтып беребиз.

VISA жана ЭЛКАРТ карттарынын айырмасы

Элкарт – бул Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын картасы. Башкача айтканда, аталган карт Кыргызстан ичинде гана иштейт. Ал аркылуу биз накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзөбүз, товар жана кызматтарды төлөө сымал иштерди бүтүрөбүз. Мындан сырткары маяна, пенсия, жөлөк пулдарды алабыз. Эгер акча керек болсо банкомат жана POS-терминалдар аркылуу чыгарып же керектегиче карталык эсепте сактап коебуз.

VISA төлөм карттары – бул ири эл аралык төлөм системасы. Ал дүйнө боюнча карттарды тейлөө тармагына ээ, башкача айтканда, эл аралык банктык карт. Бул картанын жардамы менен дүйнө мамлекеттеринде миллиондогон соода жайларынан каалаган валютада төлөм жүргүзсө болот. Кайсы өлкөдө болбоңуз сатып алуулардын суммасы автоматтык түрдө конвертация болот. Ал гана эмес жеңилдиктер берилет. Эгер сиз эл аралык сапарга чыгам десеңиз акчаны капчыкка салып, жоголуп кетет деп сарсанаа болбойсуз.

Аталган карттардын бул эки түрү тең “Бакай Банкта” берилип келет. Картты алуу үчүн паспорт менен гана келесиз.

«Бакай Банктан» тейлөөнүн жеңилдетилген шарттары менен пенсионердин карты жана социалдык карттар

Пенсионердин карты – пенсионерлер үчүн карттык эсеп ачылып, ага пенсия, жөлөк пул жана компенсациялар түшөт. Бааргерлер акчасын карт аркылуу чыгарып, мобилдик банкинг аркылуу үйдөн чыкпастан коммуналдык кызматтарды төлөп, сатып алууларды жүргүзсө болот. Тейлөөгө жеңилдиктер берилет.

Социалдык карт – бул Элкарттын атайын социалдык төлөмдөр жана жөлөк пулдар үчүн карты. Карта ээлерине кызмат көрсөтүүдө жеңилдетилген шарттар каралган.

Элкарт ЖМЭ жана кобрендинг төлөм карты

«Бакай Банкта» Элкарт ЖМЭ карттарын ачса болот. Бул карт алтын, күмүш же платина түрүндөгү жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерине байланган. Ал кардарларга баалуу металл түрүндө каражатка ээлик кылууга, керек учурда акчаны банкомат, терминалдардан чыгарып алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул карт аркылуу да товар, кызматтарды төлөсө болот. Ал эми кобрендинг картасы боюнча айтсак, баары оңой. Бул карт аркылуу сиз акчаны MegaPay капчыгынан чыгарсаңыз болот.

Visa Классик Visa Голд жана Visa Инфинити карттарынын айырмасы?

Visa Классик – бул карт аркылуу бүткүл дүйнө жүзү боюнча Visa логотиби менен белгиленген кандай гана соода түйүнү болбосун товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзсө болот. Карттын башка дагы стандарттык мүмкүнчүлүктөрү колдонулуп келет.

Visa Голд – бул сыйлык карты. Карттын адаттагы мүмкүнчүлүктөрүнөн сырткары бир катар артыкчылыктары бар: кардарларды күнү-түнү глобалдык колдоо, төлөм системасынан атайын сунуштар сымал кызматтар.

Visa Инфинити – бул эң барктуу сыйлык карты. Дүйнө кезип жургөндө уникалдуу кызматтардан пайдаланса болот. Мисалы, Lounge залдарга акысыз кирүү, ыкчам медициналык жана юридикалык колдоо сымал мүмкүнчүлүктөр.

www.bakai.kg

6111 (мобилдик телефондордон)

+996 554 006 111 (WhatsАpp)

КРУБ №043-Лиц.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан