Түштүк Африка Республикасынын президенти Сирил Рамафос элге кайрылуу жасап жатканда кызык окуяга туш болду. Бул тууралуу видео интернет булактарына бат эле тарап кеткен.
Аталган видеодо президент бет капты бир нече ирет тагынганга аракет кылганын көрүүгө болот.
Расмий маалыматтарга ылайык, аталган өлкөдө 3 миң 953 адам коронавирус илдетине чалдыккан. Алардын ичинен 75 адам оорудан көз жумган.