Интернет тармактарына ооруканадан чыгып бараткан адамдын "24 күн жатып, бир тоголок дары ичкен жокмун, мени айыкты деп чыгарып жатышат" деген видеосу тараган болчу. Ал бейтап Ат-Башы аймактык ооруканасында дарыланып чыккан.
Райондун башкы дарыгери Илим Бейшеналиев бул жарандын айтканын четке каккан билдирүү таратты. Анда ал бейтаптын айтканы үчүн Кудайдын алдында жооп берет деген.
"Ал дене табы абдан жогору болуп келген, 5 күн бою күнү-түнү ар түрдүү суюк дарылар куюлуп, дене табын түшүргөн таблеткалар, күчтүү антибиотиктер берилип жатты. Натыйжада ал айыгып, сак-саламат ооруканадан чыгып кетти. Ал бул калпы үчүн Кудайдын алдында жооп берээр.
Бирок биздин ишибизди баалап, жардамдарын, жакшы сөздөрүн айткандар да көп. Биз аларга ыраазыбыз. Бизден дарыланып жаткан бейтаптардын ичинде да биздин иш-аракетибизди көрүп, ыраазы болуп рахматын айткандар бар", - деди ал.