Бүгүнкү күндө стационарларда 312 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 13 бейтаптын абалы оор болууда. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.
"Стационарларда жаткан бейтаптардын ичинен 13 жарандын абалы оор, анын алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат", - дейт министр.