Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири, дүйнөнүн мурунку чемпиону, америкалык Майк Тайсон үй-жайы жокторго жана баңгизатына көз каранды болгондорго жардам берүү үчүн өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, бир нече көрсөтмө беттештерди өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мен машыгуу залына барып, кайрымдуулук үчүн көрсөтмө беттештерин өткөрүп, формама кайтып келем. Акча чогултуп, мендей болгон үйү жок, баңгизатына көз каранды болгон адамдарга жардам бергим келет", - деп билдирген Тайсон.
Мындан тышкары спорт менен машыгуу ага кыйын болуп жатканын кошумчалаган. "Мага машыгууга кайтып келиш оор болууда. Машыгуу учурунда үч бала мени тепкилегендей сезилип жатат", - деген ал.
53 жаштагы Тайсон карьерасын 2005-жылы ирландиялык Кевин Макбрайдга утулуп калгандан кийин токтоткон. Жалпысынан мушкер 50 жеңишке жеткен (алардын 44ү нокаут менен) жана 6 жолу жеңилүү ызасын тарткан.