Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев беделдүү болгон UFC уюмуна аттанууда. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Ассалоому алейкум урматтуу достор! Убада болгондой, биз расмий түрдө келишимдин биринчи этабына кол койдук. Анан биз UFC'ден экинчи келишимди күтүп жатабыз. Бизге 2 келишим берилген, экинчиси чечүүчү. Эч кандай учурда утулуп калбашым керек, анткени UFC'деги менин келечегим ошого жараша болот. Бул жаңылыкты менеджерим расмий түрдө жарыялашы керек болчу, бирок техникалык көйгөйлөр болгонуна байланыштуу мен келишимге кол койгонумду расмий билдирем. Алдыда жакшы жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп жазып калтырган мушкер.
Мушкердин билдиришинче, азыркы учурда көптөгөн UFC мушкерлеринин кызыкчылыктарын чагылдырган агенттик менен келишим түзүлгөн. Кийинки кадам UFC уюмунун өзү менен келишим түзүү.