Акыркы бир суткада коронавирусту жаңы жуктурган 13 адам аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрель күнү Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып билдирди.
Коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 695ке жетти. Алар:
Бишкек шаары – 6;
Ош шаары – 1;
Ош облусу – 1;
Чүй облусу – 2;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2.
"Орусиянын Соль-Илецк шаарында чек арада бир айдан ашык кармалып турган жарандарыбыздын биринен коронавирус аныкталды. Ошондой эле Новгород шаарынан келген жараныбыз сыркоолоп, дарыгерге кайрылган. Андан дагы коронавирус аныкталган. Анын үй-бүлө мүчөсүнүн бирөөсүнө вирус жуккан", - дейт министрдин орун басары.