Индияда жолборстор адамдарга кол салып баштады. Акыркы 3 аптада 20 чакты адам жолборстун курмандыгы болду

Индиянын Махараштра штатында жолборстор саналуу күндө эле 5 адамды өлтүрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Карантинге байланыштуу жашоочулар үйлөрүнөн чыкпай, токойлордон жапайы жаныбарлар айылдарга, шаарларга келип калгандыгы тууралуу буга чейин жазылган. Индияда жолборстордун адамдарга кол салуусу 13-апрелден башталып, алгач токойго барган бир кишини тытып жеп салган. 3 күн өткөн соң токойго жей турган гүлдөрдү терүү үчүн барган 40 жаштагы киши да ошондой ажалга туш болгон. Дагы 3 адам токойго барып, жолборстун курмандыгы болушкан. Буга окшош окуя Мадхья-Прадеш штатында да катталган. 3 апта аралыгында жолборстор 13 адамга, ошондой эле балдарга кол салып, өлтүрүп койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kuyoo_bala
2020-04-27 19:25:48
Биздин депутаттарды апарыш керек экен индияга
+9
Belek1710
2020-04-27 20:14:25
Депутаттар оюнчук болуп калды го силерге! Эмне болсо эле жармаштыра калып.
-6
Alinur96kg
2020-04-28 03:36:30
Belek1710,Жармаштыра турган акыбалга келип калышты да.
+5
Azamat6
2020-04-28 07:10:47
Жолборсовирус - 19
-1
AzKumFerDan
2020-04-28 18:10:09
Депутатар ушул смс окушат болду бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан