Аргентина курамасынын жана испаниялык "Барселона" футболдук клубунун оюнчусу Лионель Месси 21-кылымдын эң мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу оюнчулардын салыштырмалуу күчүн эсептеп турган "ELO" сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу 100 упайы менен биринчи орунга жайгашса, экинчи орунга ушундай эле көрсөткүч менен Португалия курамасынын жана италиялык "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жайгашты. Ал эми үчүнчү орунду 98 упайы менен карьерасын 2014-жылы жыйынтыктаган франциялык Тьерри Анри ээледи.
"ELO" сайтынынын маалыматы боюнча 21-кылымдын эң мыкты 10 футболчусу төмөндөгүчө:
1. Лионель Месси ("Барселона") - 100 упай;
2. Криштиану Роналду ("Ювентус") - 100 упай;
3. Тьерри Анри - 98 упай;
4. Луис Суарес ("Барселона") - 97 упай;
5. Златан Ибрагимович ("Милан") - 97 упай;
6. Гарри Кейн ("Тоттенхэм") - 97 упай;
7. Мохамед Салах ("Ливерпуль") - 97 упай;
8. Неймар ("ПСЖ") - 96 упай;
9. Роберт Левандовский ("Бавария") - 96 упай;
10. Радамель Фалькао ("Галатасарай") - 95 упай.
Бул рейтинг футболчунун киргизген голдорунун санын жана голдук пастарын, ошондой эле каршылаштар менен мелдештердин деңгээлин эске алуу менен түзүлдү. Рейтингге дарбазачылар кошулган эмес.