Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир жаран жаракат алды. Өрт тууралуу маалымат ӨКМнын нөөмөт бөлүмүнө 29-апрелде саат 23:52де келип түшкөн.
"Биринчи Май районундагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыгып, куткаруучулар жеткенче өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен үйдүн 6 чарчы метр шыбы күйгөн. Мындан тышкары 1981-жылы туулган Т.Р. аттуу эркек киши денесинен күйүк алып, "Тез жардам" кызматы аркылуу шаардык ооруканага жеткирилген. Учурда өрттүн себеби такталууда", - дешти маалымат кызматынан.