"1-майга караган түнү Бишкек шаарындагы ички санитардык тосмолордун баары алынат. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тосмолорду алуу ишине киришишти", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүн, 30-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Бишкек шаарынын ичиндеги бардык тосмолор бүгүн түнү алынат" деп билдирген.