Кечээ, 1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаганы тууралуу маалымат тараган.
Өзбек басылмалары жазып чыккандай, кырсыктын кесепетинен 14 жаштагы кыз жана анын 9 жаштагы иниси көз жумган. Аларды суу агызып кеткен. Кыздын денесин окуядан бир нече саат өткөндөн кийин табышкан. Ал эми иниси эс-учун жоготкон абалда табылган, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Суу каптаган аймактардан жалпы 12 миң адам эвакуацияланган. Окуя болгон жерге өлкө башчысы жана премьер-министр келген.
Окуя болгон жерде миңдеген адамдар жана жүздөгөн техникалар иш алып барышууда.