Коңшу Тажикстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 32ге жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлиги билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, инфекция аныкталган 32 адамдын ичинен 17си Дүйшөмбү шаарында, 10 адам Согди облусунда жана 5 адам өлкөнүн башка аймактарынан катталган.
Саламаттыкты сактоо министрлиги учурда Тажикстандын өкмөтү жаңы коронавирус инфекциясын алдын-алуу жана дарылоо үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирген.
Бул өлкөдө дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясы алгачкы жолу 30-апрелде катталган. Анда 15 адамдан вирус аныкталган.