58 жаштан 87 жашка чейинкилер. Өлкө боюнча коронавирустан каза болгондордун тизмеси

Өлкөдө 3-майга карата коронавирус аныкталган жарандардын саны 795ке жетти. Анын ичинен вирус катталган күндөн тартып, тагыраагы 18-марттан бери бардыгы болуп 10 бейтап бул илдеттен каза болду. Вирус аныкталгандан 16 күн өткөндөн кийин биринчи өлүм катталган. Тизме:

3-апрелге карата Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап вирустан каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. Бейтапта дагы башка өрчүп кеткен оорулары бар болгондугу кабарланган.

4-апрелде Ош облусунун Ноокат районунда 80 жаштагы бир бейтап каза болду. Ал коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Ага бардык тийиштүү чаралар колдонулган. Бирок кокустан анын абалы оорлошуп, жүрөк оорусу кармап каза болгону маалымдалган.

6-апрелге карата Ош облусунда коронавирустун кесепетинен дагы 2 киши каза боду. Алардын жаш курагы, вирусту кандай шартта жуктуруп алып, кайсы ооруканада дарыланып жатканы тууралуу маалымат берилген эмес.

10-апрелге карата өлкө боюнча коронавирустан 1 жаран каза болуп, жалпы саны 5ке жетти. Маркум 87 жашта болгон. Ал Ноокат районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы айтылган.

20-апрелде өлкөдө коронавирустан 2 бейтап каза болду. Каза болгон бейтаптын бири - Чүй облусунан - аял киши, 70 жашта. Экинчиси Ош шаарынан 79 жаштагы эркек киши. Каза болгон жарандардын өнөкөт оорулары дагы болгону маалымдалган.

2-майда Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 2 бейтап каза болду. Анын бири 1962-жылы туулган №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева. Андан вирус аныкталып, Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына дарылоо үчүн жаткырылган. 26-апрелде эки тараптуу пневмония жана коронавирус диагнозу коюлган. Ошондой эле анын башка өнөкөт оорулары да болгон.

Экинчиси 1951-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну. 28-апрелде Екатеринбургдан Кыргыз өлкөсүнө учуп келип, алгоритмге ылайык, обсервацияга жаткырылган. 29-апрелде коронавирус аныкталганына байланыштуу Бишкектеги клиникалык жугуштуу оорулар ооруканага жаткырылган.

Мындан тышкары Пакистанда жүргөн 72 жаштагы Кыргыз жаранынан вирус аныкталып, ал 9-апрелде каза болгонун Тышкы иштер министрлиги ырастаган. Ал эми республикалык штабдан Кыргыз жараны карантинде жатканын, ал жүрөк оорусунан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун коронавируска тапшырган экинчи тестинин жыйынтыгы күтүлүп жаткан. Анын башка өнөкөт илдеттери дагы болгонун билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2020-05-03 22:57:53
ФИОсун жазгылачы ошол айылдыктардан сурайлы, чындыкты
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан