Бүгүн, 3-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, бүгүн болжол менен саат 12:10 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылындагы жолдун жээгиндеги арыктарга келген суулар ташып сел жүргөн. Сел жол менен агып, жолдун 1-чакырымында 2 метр аралыгынын бир тарабын жеп кеткен жана жол жээгинде жайгашкан 3 азык-түлүк сатуучу дүкөндү, 3 турак үйдүн короосун каптаган.
"Учурда каттам бир тараптуу өтүүдө. ӨКМнын Аксы району боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тартылып, сел суу кирген дүкөндөрдү тазалоо менен бирге автоунаа жолунун бир тарабына убактылуу таш тизүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.