Ушул жылдын январь-март айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 30 миллион 367 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттин кирешелери 25 миллион 932 миң 474 сомду, жергиликтүү бюджеттердин кирешелери 4 миллион 983 миң 161 сомду түздү.
Көрсөтүлгөн мезгилде мамлекеттик бюджеттен 35 миллион 934 миң 734 сом, республикалык бюджеттен 32 миллион 283 миң 49 сом, жергиликтүү бюджеттерден 4 миллион 200 миң 304 сом чыгымдалды.