Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал учурунда саламаттыкты сактоо мекемелери штаттык тартипте иштешти, ошол эле учурда кош бойлуу, өнөкөт оорулары бар пенсионерлер үйүнө коё берилген. Коронавирус пандемиясында себептүү жумушка чыкпаган кызматкерлерге эмгек акы кандай төлөнө тургандыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Министрликтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевдин айтымында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 170-беренесинин негизинде өкмөттүн эмгек ченемдерин аткарбаган саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө буйругу кабыл алынган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга акы төмөнкүдөй тартипте төлөнөт:
* негизги иштеген жери боюнча кепилденген эмгек акы бир ставкадан ашпаган;
* көрсөткүчтөрдүн жана эмгекке катышуу коэффициентинин негизинде ишти баалоонун жыйынтыктары боюнча төлөө;
* эмгек өргүү жана убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары боюнча төлөө, ошондой эле негиз пайда болгондо башка кошумча төлөмдөр.