Бүгүнкү күндөн тартып Чаткал районуна жарандарды киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын берип жатып айтты.
Айтымында, Чаткал районунда коронавирус илдети аныкталгандыктан, районго сырттан адам кире албайт жана райондун ичиндеги адамдар сыртка чыгуусуна тыюу салынат.
“Чаткал районунда коронавирус илдетине 7 адам кабылгандыктан, жергиликтүү элге медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, - деди Мирзахмедов.