Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана карантин аяктаганча обочолонуу тартибин сактоого чакырды. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Учурда өкмөт өлкөдөгү экономикалык жигердүүлүктү калыбына келтирүү үчүн даярдык көрүүгө багыт алды. Жумуш орундарын жана жарандардын кирешесин сактоо максатында биз тараптан экономиканын маанилүү жана суроо-талап чоң болгон тармактардын иштөөсүнө этап-этабы менен уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бирок көптөр бул жеңилдиктерди карантиндик режимди токтотуу жана мурдагы жашоо шарттарына кайтуу катары кабыл алышууда. Мен белгилей кетейин, андай эмес! Жумушка уруксат алгандардан башка бардык жарандар карантинди сактоого тийиш. Бүгүн вирус менен күрөштө маанилүү этап келди, ал ар бир жарандан жоопкерчиликти жана тартипти талап кылат. Биз жумшаган бардык күч-аракетибиздин текке кетишине жол бере албайбыз.
Мен бардык Кыргыз жарандарына кайрылгым келет - дарыгерлер айткан гигиена эрежелери, обочолонуу режими жана социалдык аралыкты кармануу талаптары сакталышы керек! Ошондой эле 2020-жылдын 1-майынан тарта ишмердүүлүгүнө уруксат берилген мекеме жана уюмдардын жетекчилери бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын тыкыр аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын эскертип кетким келет.
Биз вирустун кеңири жайылып кетишине жол берген жокпуз жана саламаттыкты сактоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдай алдык. Бул нерсеге биринчи кезекте сабырдуулукту жана түшүнүү менен мамиле кылган жарандардын колдоосуна жараша жетише алдык. Бирок жетишилген жыйынтыктарды бекемдөө үчүн биз карантин бүткүчө обочолонуу жана социалдык аралыкты кармануу эрежелеринин талаптарын сактоо менен жоопкерчиликти сезишибиз керек. Жарандардын, жакындарыбыздын жана туугандарыбыздын өмүрүн жана ден соолугун сактоо – биздин жалпы милдетибиз", - деди өкмөт башчы.