АКШнын Юта штатынын Огден шаарынын тургуну, 5 жашар бала ата-энесинин унаасын айдап качып, Калифорнияга бет алган жеринен кармалган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Рик Морган аттуу полиция кызматкери жолдо башкача жүрүп бараткан Dodge Journey үлгүсүндөгү автоунааны байкаган. Айдоочуга медициналык жардам керек болуп жүрбөсүн деп ойлогон Морган унаасынын сигнал берүүчү жарыгын күйгүзгөн. Бирок ага айдоочу маани бербей, өз калыбында кете бергенде полиция кызматкери сиренасын күйгүзүп, артынан түшкөн. Шек жараткан унаа токтоп, ичинен 5 жаштагы бала чыккан. Бала өзүн Адриан деп тааныштырып, 3 чакырым жүрүп, чоң жолго чыкканын жана Калифорнияда жашаган эжесинин үйүнө баратканын айткан. Ошондой эле ал жактан Lamborghini унаасын сатып алайын деген планын билдирип, чөнтөгүндөгү 3 долларын көрсөткөн.
Полиция кызматкери баланын ата-энеси менен байланышканда, алар жумушта болгонун жана уулун кызына табыштаганын айтышкан. Маалыматка ылайык, Адриан эжеси уктап калганда, унаанын ачкычын алып, айдап чыгып кеткен.