Буга чейин Бишкек шаарындагы Көкчөтаев менен Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин атынан коюлган сейил бак курулуп бүткөнү маалымдалган.
Ал эми бүгүн, 7-майда сейил бактын ачылышы болду. Салтанатуу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, мэр Азиз Суракматов жана шаар тургундары катышты.
"Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз", - деди Сооронбай Жээнбеков.
Президент белгилегендей, Улуу Ата Мекендик согуш Кыргыз өлкөсүндөгү ар бир шаарга, айылдарга жана үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. Согушка республикадан 365 миң адам кеткен, алардын үчтөн бири келбей калган. 150 миңден ашуун Кыргыз жарандары ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган.
Чолпонбай Түлөбердиев Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген.