Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын аймагында суу каптаган жерде бир гана мечиттин аймагына суу кирбегени тууралуу сүрөттөр жана видео тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган.
Анда көптөгөн колдонуучулар аталган сүрөт, видеолор менен бөлүшүп, "жараткандын керемети" деп жазышкан.
Көп өтпөй интернеттин казак сегментинде окуя болгон жерден жаңы сүрөттөр тараган. Анда айтылып жаткан мечитти да суу каптаганын көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучуларынын айрымдары мечит кичине дөңсө жерде жайгашканына байланыштуу суу анын аймагын кичине кечирээк каптаганын айтса, бириси баштапкы сүрөттөр жөн гана мотаждалганын жазып чыгышкан.
Жергиликтүү телеканалдардын биринде да мечиттин аймагын суу каптаганын асмандан тартып көргөзүшкөн.
1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жайгашкан "Сардоба" суу сактагычында дамба жарылып, Кургантепа шаарын жана бир нече айылдарды суу каптаган. Жарылган дамбанын кесепети Казакстандын Түркестан облусунун 4 айылына да тийип, андагы жарандар эвакуацияланган.