Бишкекте күйүүчү майга болгон баа төмөндөдү. Мындай маалымат ири май куюучу станциялардын расмий сайттарында жарыяланган.
Бүгүн, 8-май саат 10:40ка карата бензиндин АИ-92 түрүнүн баасы салыштырмалуу 13 тыйынга арзандаган.
Анын орточо баасы 36 сом 23 тыйынды түзгөн. Ал эми бензиндин АИ-95 түрүнүн орточо баасы бүгүнкү күнгө карата 39 сом 90 тыйын болсо, АИ-98 45 сом 90 тыйынга чейин арзандаган.
Дизель майынын орточо баасы 39 сом 10 тыйын.