Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр-чатактан улам Тажикстандын 2 жараны оор жаракат алышты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда эки элдин ортосундагы жаңжал 8-майда саат 18:00 чамасында чек арадагы Кумазор тилкесинде орун алган деп жазылат.
"Жаңжалдын келип чыгышына Кыргыз жаранынын 4 гектар жерди ээлик кылып алганы себеп болгон. Бул жер аянты нормативдик-укуктук акты боюнча Тажикстанга таандык. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары жаңжалды жөнгө салуунун ордуна провокатор катары чыгышып, Тажикстандын куралсыз тургундарына ок чыгарышкан. Анын кесепетинен 1983-жылы жана 1971-жылы туулган жарандар оор жаракат алышкан", - деп айтылат малыматта.
Ошондой эле маалыматта 4 гектар жер тилкесине кыргыздар жүгөрү эгейин деп жаткандыгы айтылган.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасынан Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыкканын билдирген.