Танзанияда тест мөмө-жемиштен жана эчкиден коронавирус аныктады. Улуттук лабораториянын жетекчиси кызматтан алынды

Танзаниянын президенти өзгөчө эксперимент жүргүзүп, коронавирус аныктап жаткан тесттерди текшерип көрүүнү эп көргөн. Жыйынтыгында тест коронавирус адамда гана эмес, эчкиде жана мөмө-жемиште бар экенин көрсөткөн. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы Жон Магуфули тесттердин эффективдүүлүгүн сынап көрүүнү көздөп, лабораторияга адамдыкына аралаштырып мөмө-жемиштердин жана жаныбарлардын заттарын жиберген. Жыйынтыгында папайи жемишинин жана эчкинин анализинин жыйынтыгы аларда коронавирус бар экенин көрсөткөн.

Бул окуядан кийин президент Улуттук лабораториянын жетекчисин кызматтан алып, иликтөө иштери башталган. Ал коронавирус аныктаган тест жабдыктары жарактуу эмес болушу мүмкүндүгүн айтып, бирок тесттер кайсы өлкөдөн чыгарылганын так айткан эмес.

Танзанияда жалпы 509 адамда коронавирус аныкталган. Алардын ичинен 183 адам айыгып чыгып, 21 адам көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KalenAlmaz
2020-05-09 13:51:41
Э карочи надоели!вирус вирус.
С Днём Победы!!!Кыргызстан.С праздником!!!
+16
Chungyz
2020-05-09 15:02:15
Тесттерге эшектикинда жонотсон деле вирус деп чыгат окшойт
+3
Jelezo
2020-05-09 16:29:32
СССРуб-да мал-р жайлодо ветв-ты чакырып семиз малды байлап көрсөтүшөт шилекейи агып көзү кызарып кетти деп,ветврач караса кутурма тез көмүп салгыла деп буйрук берип малдын башын алып шаарга лабор-га кетет эртеси кутурма деп анализ чыгарып беришет.Жайлоого келсе семиз этен куурдак жеп отурушат кел деп төргө өткөзүп курсагын тойгузат.Кунажын мен айт-й кутурма экен дейт алар күлүшөт азыр ошол малдын этин жедик дешет көмгөн жок-бы десе жок ал таза мал болчу дешет биз тилин жип менен байлап койгонбуз
-1
Izana
2020-05-09 17:14:43
Биздики деле ошондой болуш керек. Тесттерге ишенич жок болуп калды. Биздеги лабороторияларды да текшерип коруш керек, койлордун канын жиберип.
+1
ahun72
2020-05-09 22:09:11
Биздин лабораториялар дагы чай менен заараны ажырата албай анализ чыгарды беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан