реклама
super.kg logo

Премьер-министр: "Өзгөчө абал режими 10-май 24:00дө аяктайт, коменданттык саат токтотулат"

 

Өзгөчө кырдаал режимин сактоо ар бир Кыргыз жаранынан өзгөчө жоопкерчиликти талап кылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда республика боюнча өзгөчө кырдаал режимин узартуу тууралуу билдиргенин айтты.

"Айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май күнү саат 24:00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет. Санитардык-карантиндик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилет. Коронавирус пандемиясынын дүйнөгө жайылышына байланыштуу түзүлгөн абал ар бир жарандан өзүнүн ден соолугуна жана өмүрүнө өзгөчө жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Санитардык-гигиеналык эрежелерди жана аралыкты сактоо боюнча эрежелерди так аткаруунун негизинде гана бул инфекцияны жеңебиз"
, - деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күндө көрүлүп жаткан бардык чаралар эң башкысы жарандардын саламаттыгын сактоого багытталган. Ал мекендештер киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү жана жоопкерчилик менен кабыл аларына ишеним билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы жакында "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" жана "Жарандык коргоо жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенин айтты.

Мыйзамга ылайык, эпидемияга каршы жана эпизоотияга каршы атайын комиссиялардын сунушу менен карантинди киргизүү же алып таштоо боюнча чечимди өкмөт, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик, райондук администрациялардын башчылары, мэрлер, менчик түрүнө карабастан уюмдардын жана ишканалардын жетекчилери кабыл алууга укуктуу болуп саналышат. Бул багытта премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына жогорудагы атайын комиссиялардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

"Айрым райондордо эпидемиологиялык абал начарлаган шартта комиссиянын сунушу менен карантиндик режимди киргизүү боюнча чаралар көрүлөт", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары өкмөттүн токтому менен карантиндик чараларды киргизүү жана аны ишке ашыруу тартиби бекитилди. Документке ылайык, эпидемиялык очок толук курчоого алынып, посттор орнотулат жана кайгуул кызматтары иштейт.

Премьер-министр Кыргыз жарандарын өздөрүнүн жана жакындарынын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого, аралыкты карманууга чакырды.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
10.05.2020. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
30-05-2020 21:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+5
Ух ошенткилечи
10.05.2020. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
25-04-2018
Соӊку аракети:
11-05-2020 05:19
Жынысы:
Белгисиз
+5
Блок постко 100 сом даярдап койгула деп койбопсунар
10.05.2020. 19:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 03:48
Жынысы:
Белгисиз
+5
Chungyz,туурале блок постко деп 100сомдон жыйнап кетти берди эл эл экен берди элден айланса болот
10.05.2020. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 09:43
Жынысы:
Белгисиз
+2
ika8086,Ким жыйнады кайда жыйнады?
10.05.2020. 15:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
30-05-2020 18:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+7
Ошондо 31-майга дери болот экенда аткулак шев не десе ошода
10.05.2020. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
29-10-2019
Соӊку аракети:
30-05-2020 21:59
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушунусуна да шүгүр эми кечинде бир нерсе керек болсо магазинге чыгат экенбиз,аларды да чектеп койбосо
10.05.2020. 17:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
457
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
30-05-2020 12:51
Жынысы:
Белгисиз
+8
Карантин токтотулганы менен тралебус автобус журбосо токтотулду дегени жон эле созго. Кунумдук 500сом таап иштегендер такси менен каттап иштейби? Вирус бизди Ачкадан олтурмой болдуго.
10.05.2020. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
27-11-2015
Соӊку аракети:
30-05-2020 21:55
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бугун 12де эшиккке чыгаткенбиз дааа
10.05.2020. 20:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
210
Катталган:
15-02-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 09:43
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бишкектин ичи
10.05.2020. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1066
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
20-05-2020 17:31
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биротоло Россияга кошпойсунарбы ошончо болду зато Эл жакшы жашайт зарплата которулуп ушу жегичтерди камалат
10.05.2020. 23:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
297
Катталган:
15-09-2015
Соӊку аракети:
26-05-2020 19:26
Жынысы:
Белгисиз
+12
Карантинди алып, баарын ачып койсо элдин баары кочого чыгып массовый коронавирус башталат. Анда мындан да катуу тартип киргизилип баштайт. Андан коро бир аз сабыр кыла туралы. Баардык кыйвнчылыктын артында жакшы кундор болот.
10.05.2020. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-06-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Магазиндер иштей берет да ээ түнүчүндө деле
10.05.2020. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
27-06-2017
Соӊку аракети:
30-05-2020 09:01
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээрчиме окмот россияны туурап не кыласынар
11.05.2020. 01:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
670
Катталган:
03-11-2016
Соӊку аракети:
30-05-2020 20:13
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштегендер ишине барайын десе автобус жок барбайын десе иштен айдайт.Таксиге чыкса айлыгы жетпейт бирин олуп бирин кал дешиптирда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144685;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: