Өкмөт башчы: "Коронавирустун жайылуу тобокелчиликтерине байланыштуу троллейбус, автобус жана кичи автобустардын иштөөсүнө азырынча уруксат жок"

Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүнүн маанилүү этабы келгенин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы эпидемиологиялык кырдаалдын экономикалык ишмердүүлүккө тийгизген таасирине ылайык иштелип чыккан бул багыттагы иш-аракеттерди жандандыруунун этаптуу жол-жобосу абалдын өзгөрүшүнө жараша оңдоп-түздөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү да каралганын белгиледи.

"Коомдук транспорт азырынча ишке киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. Коронавирустун жайылуу тобокелчиликтери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат. Ушул этапка чейинки өзгөчө тартип жана кыймыл-аракеттер текке кетпеши керек. Ошондуктан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине кайрыларым, чоң жоопкерчилик сиздерге жүктөлөт. Иш орундарында санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактаңыздар. Өз кезегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери айтылган талаптарды аткарууга катуу көзөмөл жүргүзүүгө тийиш", - деп баса белгиледи өкмөт башчы.

Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө карата белгиленгендей, эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишке чектелген сандагы кызматкерлер тартылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulya78
2020-05-10 15:28:45
11-майды күтүп жүрсө жаш баланы алдагандай алдаштыго, болду эми өкмөт башчынын сөзүн айтпай эле койгула жаңылыктан,баарибир ишенбейбиз.
+2
Sancho-
2020-05-10 15:30:37
11 майдан баштап автобус жана троллейбус каттайт деди элего.
-3
Krai
2020-05-10 16:14:48
Кырдаал да кооптуу болуп атат да
-2
Nur777
2020-05-10 17:55:36
Жумушу жок,акчасы жок эл кайсы тыйынына таксиге тушот! Таксисттер баардык сан.нормаларды сактайт деп ким айтты!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан