Индиянын Карнатака штатындагы Мустур айылынын тургуну уулуу жыланды тиштегилеп, экиге бөлүп салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мустур айылынын тургуну, Кумар аттуу 38 жаштагы киши дүкөндөн үйүнө мотоцикли менен баратканда, уулуу кара чаар жылан дөңгөлөгүнө илинип калат. Мас абалында болгон ал жыланды колго алып, бир нече аралыкка чейин жүрүп барган. Кайра токтой калып, жыланды тиши менен жулмалап, экиге бөлүп салган. Кумар жыландын уулуу экендигин билбегенин айткан. Анын билдиришинче, кара чаар жылан мурун да Кумарга тоскоолдук кылып келген жана мотоциклинин дөңгөлөгүнө жабыша калганы ал үчүн акыркы чекит болгон.