Чек ара чырында өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек

8-май күнү Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы Кыргыз-Тажик чек арасында болгон чырдан улам өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткендин жана Тажикстандын Согди облус башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр болгон.

"Тараптар чектеш аймактагы чыр-чатактын алдын алуу, пикир келишпестиктерге жол бербөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштү.

Ошондой эле чек ара аймагындагы элдин коопсуздугун сактоо жана коронавирус оорусунун жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, калк жыш жайгашкан чектеш айылдарда милиция кызматкерлеринин жөө кайгуул күзөтүн күчөтө турган болушту.

Ал эми буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын такталып, жазыла элек аймактарында, курулуш курбоо, убактылуу жер айдап, эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотуп турууну макулдашты. 8-майда болуп өткөн чыр-чатактын кесепеттери боюнча эки тараптын тийиштүү кызматтары биргеликте иштеп, келип чыккан материалдык чыгымдарды тактоо боюнча сүйлөшүштү.

Ал эми чыр-чатакка себеп болгон талаштуу жер тилкелери боюнча, эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы иштегендиктен, коронавирус оорусу боюнча кырдаал турукташканда, маселелер, эки тараптуу жолугушууда каралары белгиленди", - дешти аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erlanspb
2020-05-12 12:36:23
Бир кундо есептеп койо турган нерсени дагы деле есептей албай атабы 20 етаж уй куйгонсуп есептей албаса просто аракет кылбай атат чондор
+2
maks992
2020-05-12 13:36:05
эсептеп болуп 20 миллион сом зыян деп аны мамлекеттен алып 5 миллион сомун элге берип 15 миллион сому.........
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан