Өзгөчө кырдаал режими сакталып калган Ош шаарында коомдук транспорт каттамын 21-майда ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри, Жарандык коргонуу штабынын башчысы Саибжан Турдуев онлайн брифинг учурунда айтты.
"21-майдан баштап коомдук транспорт каттамын ишке ашыралы деп турабыз. Буга чейин 1-майдан баштап такси кызматы ишке кирген. Такси кызматы дагы кардарын жеткиргенден кийин унаасын дезинфекцияласын жана 2ден ашык кардар салганга болбойт деген талап менен иштеп жатат", - деди вице мэр.