Коронавирус инфекциясын жуктуруп алган Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин менен акыркы жолу качан жолукканын жергиликтүү басылмаларга айткан.
Песковдун билдиришинче, ал Владимир Путин менен акыркы жолу бир айдан ашык убакыт мурун жолуккан.
Орусия дүйнөдө коронавирус катталган өлкөлөрдүн ичинен экинчи орунга чыкты. Бул өлкөдө жалпы 232 миң 243 адамдан коронавирус аныкталды. 2 миң 116 адам каза болсо, 43 миң 512 бейтап айыгып чыкты.