Казакстанда сутка ичинде 138 жарандан коронавирус тастыкталып, өлкөдө ооругандардын жалпы саны 5 миң 417ге жетти. Анын ичинен 2 миң 223 бейтабы айыгып, 32си каза болду.
Аталган өлкөнүн Атырау облусунда коронавирус аныкталган эки эне көз жарып, дени сак ымыркайларды жарыкка алып келишти деп жазышат казак басылмалары.
"12-майда төрөлгөн ымыркайлардын бири кыз, бир эркек. Кыздын апасы 29 жашта, ал эми баланын апасы 24 жашта. Алар кош бойлуулуктун 38-аптасында коронавирустун белгилери жок өтүп жатат делинип ооруканага жаткырылган.
Учурда балдар энелеринен өзүнчө бөлмөдө жатышат. Алардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Ымыркайлардан коронавируска алынган тесттин жыйынтыгы чыга элек", - деп айтылат маалыматта.