Депутат Тиллаев тоо-кен тармагын колдоону карап чыгуу керектигин айтты

Депутат Таабалды Тиллаев тоо-кен тармагын колдоону карап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2011-жылга чейин тоо-кен тармагына мамлекет тарабынан ссуда берилип келчү. Ошондон бери мамлекеттер эч кандай жардам берилбей келип жатат. Бүгүнкү күндө оор учурда суунун аздыгын күтүп жатабыз. Тоо-кен тармагын колдоо катары каралдыбы?" - деп сурады депутат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев: "Мен көрсөткөн кризиске каршы программада экономика тармактарын таразага салып карадык. Биз топтогон каражатты муктаж болгон ишкерлердин бардыгына жеткизе албайт экенбиз. Азырынча тоо-кен тармагы тизмеге кире элек", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан