Кытайда онлайн-оюндарды саткан компаниянын жетекчиси өлкөдөгү эң бай адам деп табылды

"Alibaba" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма эми Кытайдын эң бай адамы эмес. Бул тууралуу "Forbes" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, байлардын тизмесинде биринчи орунга "Tencent" компаниясынын президенти Ма Хуатэн чыккан. Анын байлыгы 48 миллиард 3 миллион долларга бааланган, ал эми Жек Маныкы 41 миллиард 2 миллион доллар.

Бул онлайн-оюндарды саткан "Tencent" компаниясынын акциялары жыл башынан бери 14 пайызга өскөндүгү менен байланыштуу. Биринчи кварталда компаниянын кирешеси 31 пайызга жогорулаган.

Пандемиядан улам мобилдик оюндарга болгон суроо-талап күчөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан