Депутат Каныбек Иманалиев социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн каражаттарды кыскартпоо керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
Каныбек Иманалиев социалдык төлөмдөрдү аткаруу, чек ара маселелерин чечүүгө бөлүнгөн 17 миллион сомду кыскартпоо керектигин белгиледи. Айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү үчүн каралган 2 миллиард сомду азайтпоо шарт экенин айтты.
"Ата Мекен" фракциясынын жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, өкмөттүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин азайтуу багытында көрүп жаткан чаралары талкууланды.