Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жарандарды "мекенге кайтканга жардам беребиз" деген шылуундардан сак болууга чакырат

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жана анын алдындагы коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө каршы штаб мигранттарды сак болууга чакырды. Элчиликтен кабарлагандай, мекенге кайтууну каалаган жарандардын көпчүлүгү жасалма билеттерди алып алышкан.

"Элчиликке учак жана автобуска жасалма билет саткан жана мекенине кайтууну каалаган жарандардын тизмесин түзүп жаткан, ошондой эле документтерди, анын ичинде миграциялык карта, каттоо карталарын жасалма жасаган белгисиз адамдарга алданган жарандар кайрылып жатат. Буга байланыштуу элчилик жарандарды сак болууга, алданып калбоого чакырат. Эгерде ошондой адамдарга туш келсеңер, Орусиянын ИИМинин аймактык тийиштүү органына, ошондой эле элчиликтин консулдук бөлүмүнө тиешелүү арыз менен тез арада кайрылууну сунуштайбыз.

Алдамчылык кылгандар Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын белгилеп кетебиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан