Индонезиянын Манадо шаарында акыркы сапарга узатуу зыйнатында маркум табыттын терезесинен "кол булгады". Бул тууралуу "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, чиркөө кызматкери өз ишин кылып жаткан маалда маркумдун колу кыймылдап жатканы видеого түшүп калган.
Видеону көргөн айрым интернет колдонуучулар табытта жаткан маркум тирүү болгон деген божомолдорун айтышкан. Ал эми дагы бири табыттын ичинде чычкан жүрүшү мүмкүн деген.
Окумуштуулар буга чейин изилдөөлөрдү жүргүзүп өлгөндөн кийин адамдын денеси көп убакыт бою кыймылдашы мүмкүн экенин аныкташкан.