Быйылкы жылдын 31-мартына карата мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 миллиард 649 миллион 21 миң долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тышкы карыз 86,2 пайызды түзөт. Анын суммасы 4 миллиард 6 миллион 5 миң доллар.
Ал эми ички карыз 13,8 пайызды түзөт. Ал 643 миллион 15 миң доллар.