Соода борборлору жана базарлар үчүн талаптардын аткарылышы боюнча жоопкерчиликти администрация тартат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"Соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы ал жакка келгендердин дене табын ченөөсү жана келгендер үчүн 1,5 -2 метр аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Соода түйүндөрү байланышта болбогон термометр жана антисептикалык каражаттар менен жабдылууга тийиш", - деп жазылат маалыматта.