Жогорку Кеңеште "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште "Саясий партиялар жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Демилгечи депутаттардын бири Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоору саясий партиялардын ролун жогорулатуу багытында иштелип чыкканын айтты. “Колдонуудагы “Саясий партиялар жөнүндөгү” мыйзам 1999-жылы кабыл алынган жана азыркы шарт-талаптарга жооп бербейт. Мыйзам долбоорун сунуштоого негизги себептердин бири катары партиялардын ишмердүүлүгүнүн жабыктыгы десек болот. Анткени саясий партиялар ачык-айкын, мүчөлөрүнө отчёт берген шартта иш алып барышы керек. Программасы, уставы, каржылык абалы, талапкерлерди сунуштоо тартиби жана башка партияга тиешелүү бардык маалыматтар ачык болушу зарыл", - дейт Алтыбаева.

Мыйзам долбооруна "макул" деп 79, "каршы" деп 30 депутат добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан