"Маркумдун жакындары табытты ачып жибериптир деген маалымат калп" дейт Кара-Кочкор айылынын тургуну

Кечээ, 19-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Кочкор айылында 60 адам обсервацияга алынганы тууралуу маалымдалган. Ошол эле учурда аталган айылдын жашоочусу Орусияда кайтыш болуп, сөөгү келген жарандын табытын жакындары ачып жибергенин билдирген.

Ал эми бүгүн, 20-майда Кара-Кочкор айылынын тургуну Эмилбек Бакасбаев айтылган маалыматтар жалган экенин жана ал сөөктү жерге жашырууга өзү катышып, окуяга күбө болгонун төмөнкүчө айтып берди.

Айтымында, маркумдун сөөгү Орусиядан кандай келсе, ошол бойдон жаназасы окулуп, жерге берилген. Буга карабай элдин арасында ар кандай такталбаган маалыматтар айтылып кеткен.

"17-май күнү Орусиянын Москва шаарынан бир инибиз кайтыш болуп, сөөгү айылыбызга алып келинген. Маркумдун сөөгү Орусиядан кандай келсе, ошол бойдон жаназасы окулуп, жерге берилген. Жайга берип жатканда жайга табыт батпаган себептен табыт ачылып, ал жактан биз экинчи ирет сөөктү кепиндеп, анан жайга бергенбиз. Ошондуктан маркумдун жакындары табытты ачып жибериптир деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Ал инибиздин сөөгү үйүндө 20 мүнөт гана туруп, андан ары табытты бейитке алып чыгып кеткенбиз. Сөөктүү жууп, майрам сууга алуу деген болгон эмес. Бул чындыкты чыркырап айтып жатам. Билгенимди айтпай койсом дагы туура эмес болуп калмак. Маркум инибиздин сөөгүн коштоп иниси жана анын келинчеги келген. Келинчегинин анализи шек жаратып, мындан улам айылыбыз карантинге алынган.

Азыркы тапта айылда күч органдары, медицина кызматкерлери, баары жапырт иштеп жатышат. Чынын айтайын айылыбызда оору, коронавирус деген жок", - деди Эмилбек Бакасбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Krai
2020-05-20 21:20:36
Өзү бизде быштыны чышты кылгандар көп да
+4
bond02
2020-05-20 21:25:25
Менимче Москвадан мусулмандарча кепинделбей же башка нерсеге ороп барган го дейм соокту, анан бул жактан жууп кепиндеп комгон го деп ойлойм.
+1
Sveta23
2020-05-21 08:41:29
Ачылган жок дегенинер кандай да,кайра жайга барып ачып кепиндедик дейсинер,демек ачылган.Бекер эле 60 Адам обсервацияга алынган жок да
+3
Gospozhatsetok
2020-05-21 21:23:56
Sveta23,жакындары тарабынан ачылган жок деп жатат, бул жактан салынып барган табыт биздин мурзого батпаганына байланыштуу ачууга мажбур болушуптур,мурзону кенейтпейт го акыры.
0
aliya-leyla
2020-05-21 12:55:06
Ошондой эле болсун, шектуулор да таза чыксын ылайым
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан