Африкада пилдер массалык түрдө кырылып баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө 12 пилдин сырдуу өлүмү тууралуу иликтөө иштери башталды. "Мал доктурлары алардын кырылуусуна браконьерлер себеп болушу мүмкүн деген вариантты четке кагышууда. Анткени өлгөн пилдерге эч кандай кол салуу болгон эмес", - деген өлкөнүн туризм министрлигинин катчысы Одуц Кобото.
Эске салсак, былтыр да 100 чакты пил кырылып калганы тууралуу маалымдалган.
Маалыматка ылайык, дүйнө боюнча эң көп пилдер Ботсванада кездешет. Болжолдуу түрдө 135 миң пил жашаары айтылат.