реклама
super.kg logo

Мындан ары мамлекеттик кызматкер өзүнө эле эмес, жакынына катталган мүлктү да декларацияда көрсөтүшү керек

 

Мындан ары мамлекеттик кызматкер өзү ээлик кылган мүлктү эле эмес, жакындарына катталган мүлктү да декларацияда көрсөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Өкмөт үйүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди. Айтымында, эгер декларацияда көрсөтүлгөн маалымат туура эмес болсо же декларант мүлкүн текшертүүгө макулдугун бербесе, анда мамлекеттик кызматкерге чара колдонулуп, мүлкү текшерүүгө алынат.

"Эмки аптада мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүлкү жана кирешелери, алардын декларациялары тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы жатат. Бул коррупция менен күрөшүү алкагында жүрүп жаткан иш. Бул мыйзам долбоору бир топ убакыттан бери талкууга салынып, ар кандай талаш-тартыштар болуп келген экен. Акыркы учурда жумушту күчөтүп, парламентке киргизүүгө план кылып жатабыз. Мыйзам долбоорунун негизги өзгөчөлүктөрү мамлекеттик кызматкер өзү ээлик кылган мүлктү эле эмес, башка бирөөгө катталган мүлктү муниципалдык же мамлекеттик кызматкер колдонуп жаткан мүлк болсо да, өз декларациясында көрсөтүшү керек.

Бул жаңы мыйзамда декларацияга тиешелүү мүлк болсо, ал тууралуу маалыматтар кеңейтилип жатат. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматты текшерүүгө бүгүнкү күндө 2 эле негиз бар болсо, азыр ошол негиз 2ден 8ге чейин көбөйтүлүүдө.

Мисалы, кандайдыр бир мүлктү сатып алууга маалымат келип түшкөн болсо, ал мүлктүн баасы 2 миллион сомдон ашык болсо, ага маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Акча каражаттары эсепте болобу же нак түрүндө болобу акчанын көлөмү 2 миллион сомдон өйдө болсо, бул дагы текшерүүгө негиз болот. Мамлекеттик кызматкер же анын тууганы мүлк сатып ала турган болсо, анын да суммасы мамлекеттик кызматкердин расмий түрдө акыркы 3 жылда алган кирешесинин суммасынан ашыкча болсо, анда ал да текшерүүгө алынат. Ошол эле учурда декларацияда көрсөтүлгөн маалымат туура эмес болсо же декларант текшертүүгө макулдугун бербесе, анда алар да текшерилет", - деди Асрандиев.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
22.05.2020. 18:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
440
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
29-05-2020 14:13
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен өзү мигрантмын, бир сом үчүн иштеген адамын .Колумда бир келинчегим уулум бар .Пособияга арыз таштасам , менин көрсөтмөөмдө мага караштуу бир цехим бар экен жэке тракторум бар экен .Эмнеге а миң сом үчүн мени эмнеге байытып таштады .А байыган чиновниктер өз декларациясында жупуну катарына кирип калат .Эмнеге биз өлкөдө толтура көйгөйлөрүбүз бар Алга Кыргызстан , Касиеттү Кыргыз элим деп курук сөз менен жашап келебиз ????
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144617;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: