Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жакшы жаңылыгы бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-майда онлайн брифингде билдирди.
"Райондо 77 адамдан коронавирус аныкталган. Бүгүнкү күндө бир дагы оору жок. Бардыгы айыгып, үйлөрүнө чыгышты. Биздин Ат-Башынын элине ыраазычылык билдирем. Медицина кызматкерлеринин айткандарын аткарып, тартипти сактап иш алып баруу керек экен. Күнү-түнү иш алып баргандарга ыраазычылык билдирем", - дейт Нурбек Сатаров.