Тажикстандын 60 жаштагы белгилүү алып баруучусу пневмониядан каза тапканы айтылууда

Дүйшөнбү шаарынын жугуштуу оорулар ооруканасында белгилүү тажик алып баруучусу Мунира Хакимова каза тапты. Мындай маалыматты тажик басылмалары жазышууда.

Маркум алып баруучу 60 жашта болгон. Бир нече күн мурун ал эки тараптуу пневмония диагнозу менен клиникалардын бирине жаткырылганы айтылат.

"Мунира Хакимованын үнү бир гана Тажикстанда эмес, эл аралык аренадагы иш-чараларда жаңырып турган. Телевидениеде ал маалымат программасынын диктору болуп эмгектенип келген. Ошондой эле мамлекеттик деңгээлдеги түз алып баруулардын баяндамачысы катары дагы таанылган. Белгилүү алып баруучунун өлүмүнүн себептери азырынча айтыла элек", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан